Жалал-Абадда жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 10:01де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай, Бузук айылдарында 3 балл, Кызыл-Токой жана Ала-Бука районунун Өрүктү-Сай айылдарында 2,5 баллга (Терек-Сай айылынан 5 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген. Жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.