Бүгүн, 14-май күнү Жалал-Абад шаарында атайын кызматтын, чек арачылардын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин балдары үчүн «Мекен деми» балдар бакчаксы ачылды. Имарат 200 балага ылайыкташкан жана балдар үчүн, тарбиячылар үчүн керек болгон бардык заманбап шарттар түзүлгөн.
Ачылыш аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. Ал куттуктоо сөзүндө өлкө боюнча бардык облус-шаарларда ушундай балдар бакчасы курулуп жатканын, көпчүлүк бөлүгүндө курулуштар аяктаганын билдирди. Бул аракеттер Мекен чегинде кызмат кылып жаткан аскер кызматкерлеринин, атайын кызматтын кызматкерлеринин социалдык көйгөйлөрүн чечүү жана жашоо шартын жакшыртуу үчүн аткарылып жатканына белгиледи. Өлкө башчысы тарабынан жасалып жаткан бул иш-аракеттер кызматкерлерге талапты күчөтүүнүн алкагында, зарыл шарттарды түзүп берүү үчүн аткарылып жатканы кошумчаланды. Аземге жергиликтүү бийлик башчылары, атайын кызматтын ардагерлери жана кызматкерлери, үй-бүлөлөрү катышты.