Жалал-Абадда каналга чөгүп кеткен 15 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денесин издөө иштери жүрүп жатат

Кечээ, 8-август күнү болжол менен саат 13:00 чамасында Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүнүн Комсомол айылын аралап өткөн Кемпир-Абад каналына өспүрүм чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2006-жылы туулган өспүрүм сууга түшүп жатып агып кеткен. Издөө иштерине Сузак райондук ӨКБдан 5 офицер, 22 куткаруучу, Жалал-Абад шаардык №58 ӨК-КБнөн 4 куткаруучу, №20 АӨК-КБнөн водолаз тартылган. Бүгүн, 9-август күнү саат 07:20да жеринде издөө иштери башталды. Издөө иштери уланууда.