Бүгүн, 12-мартта Жалал-Абадда бир катар унаа жолдору убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Чаткал районундагы Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка жана Красная Горка — Ак-Таш унаа жолдорунда кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болгондугуна байланыштуу өзгөчө кырдаалды алдын алуу, адамдардын өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 12-марттан 13-мартка чейин аталган унаа жолдор убактылуу жабылды. Токтогул районундагы «Арал» постунда, Чүй облусунун «Сосновка» постунда унаалардын бардык түрүнө убактылуу киргизилген чектөө бүгүн саат 11:40та алынды.
Айдоочулардын эсине: