Жалал-Абадда көчөдө ойноп жүргөн 3 өспүрүм 1 жумадан бери дайынсыз болуп жатат

Кара-Көл шаарынын тургундары 2010-жылы туулган Мураталиев Нурислам Уланбекович, 2012-жылы туулган Мураталиев Нурмуханбет Өмүрбаевич, 2010-жылы туулган Мамбетов Замирбек Нурбекович 12-ноябрь күнү саат 17:00 чамасында көчөдө ойноп жатышкан бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Учурда балдардын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Нурислам Мураталиевдин бою 1,35-1,40 метр, чачы күрөң түстө, көзү кара, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: кара куртка, көк толстовка, кара спорттук шым, кара спорттук бут кийим.

Нурмуханбет Мураталиевдин бою-1,25-1,30 метр, чачы күрөң түстө, көзү кара, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: коюу кызыл толстовка, кара спорттук шым, ак түстөгү тапочка.

Замирбек Мамбетовдун бою-1,45-1,50 метр, чачы күрөң түстө, көзү кара, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: кара куртка, көгүш толстовка, кара спорттук шым, таманы ак-кара спорттук бут кийим.

Дайынсыз болуп жаткандарды көргөндөр болсо, 102, (03746) 5 12 00, 0704 92 76 66; 0708 39 01 39 номурларына чалсаңар болот.