Жалал-Абадда кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлери эскерилди

Жалал-Абадда атайын операциялар отрядынын күнү белгиленди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Бүгүн, 27-майда ИИМдин Атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отрядынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык мааракеси белгиленди. Бул иш-чарага Жалал-Абад ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Ашим Тагаев жана ошол түзүмдүн ардагерлери, чакырылган коноктор катышып, иш-чара салтанаттуу түрдө өткөрүлдү. Алгач Ашим Тагаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, эч качан арабызда жоготуулар болбосун, эл үчүн ак дилден кызмат өтөө керектигин баса белгилеп өттү. Андан соң 2 кызматкерге «Кочкул берет» квалификациялык наамы ыйгарылып, ИИМдин жана ОИИБдин сыйлоо жөнүндө буйруктары окулуп сыйлоо аземи жүргүзүлдү.

Аталган салтанатка кызмат өтөө учурунда маркум болгон кызматкерлердин жубайлары чакырылып аларга жана бир туугандарына сөз берилип, коноктор тарабынан ыраазычылык сөздөр айтылды.