Жалал-Абадда мектептеги жыттан улам ооруканага түшкөн окуучулардын 28и дарыгердин көзөмөлүндө

Medical drip in hospital corridor, concept of treatment

11-май күнү Жалал-Абад ОИИБден Кочкор-Ата шаарындагы №15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектебинен Тез жардам кызматына чакыруу түшкөнү, 6-8-класстардын окуучуларынан 36 окууучу ооруканага жеткирилгенин билдирген.

Мектеп окуучуларына медициналык жардамдар көрсөтүлүп, алдын ала «белгисиз заттан уулануу» деп аныкташкан.

«Алдын ала иликтөө иштеринин жүрүшүндө мектептин кабаттан-кабатка көтөрүлгөн тепкичтеринде жана коридорунда кандайдыр бир заттын жыттанганы, эч кандай тамак-аш, суусундуктар ичилген эместигин айтып беришкен. Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн электрондук маалыматтарды каттоо журналына «Уулануу» болуп катталып, териштирүү иштери уланууда»,- дешкен.

Бүгүн, 13-майда Билим берүү министрлигинен окуя тууралуу маалымат беришти. «Жалпы 42 окуучу түшкөн. 14ү үйгө чыгарылып, 28 окуучу дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ууланган себеби боюнча анализ чыга элек», — дешти.