Жалал-Абадда милиция жоголгон капчыкты ээсине кайтарды

Бүгүн, 31-август күнү саат 12:00 чамасында Токтогул эс алуу багында белгисиз аялдын капчыгы жоголгон. Жоголгон капчыкты эс алуу багында жүргөн кыз таап алып, ошол жерде коомдук тарипти көзөмөлдөп жүргөн милиция кызматкерине алып келип берген.

Милиция капчыктын ээси Бурабия Шакирова экендигин аныктап, капчыкты өз ээсине кайтарып берген. Жоголгон буюму табылганына кубанып турган Бурабия Шакирова капчыкта документтери жана акчасы бар экенин айтып, милиция кызматкерлерине жана таап алган кызга ыраазычылыгын билдирген.