Жалал-Абадда милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жарандардын көйгөйлөрүн жеринен чечүүдө

Базар-Коргон милициясы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жарандардын көйгөйлөрүн жеринен чечүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери, райондук “Мобилдик унаалардын ишмердигин колдоо ассоциясынын” төрайымы, коомдук алдын алуу борборунун мүчөлөрү, социалдык коргоо кызматынын кызматкерлери, айыл аксакалдары менен биргеликте, милициянын көчмө кабылдамасы менен райондун борборунан алыс жайгашкан тоолуу Талдуу-Булак айыл аймагынын Каба, Өзбек-Каба, Жедигер, Ак-Терек айылынын жашоочуларыны менен жолугушкан. Жолугушуу учурунда үй-бүлөлүк чыр-чатактарды болтурбоо, ар кандай кырсык жана кылмыштуулуктан алыс болуу керектиги эскертилген.

Ал эми жолугушуулардан кийин көчмө кабылдама аркылуу жергиликтүү тургундарды кабыл алуу учурунда, Ак-Терек айылында таза суу келүүчү түтүктөр толуп калгандыгын, таза суу келбей жатканын, ошондой эле электр мамычалар эскирип, жараксыз абалга келгендигин билдиришкен. Кабыл алынган арыздар тиешелүү кызмат өкүлдөрүнө жөнөтүлгөн.

«Милициянын көчмө кабылдамасы жарандардын арыздардын жана кыйрылууларын кабыл алуудан сырткары, ар кандай укук бузуулардын алдын алуу иштерин жана укуктук маалыматтарды да берип келишет. Жарандар тарыбанан аталган айылдардан 15 доо арыз кабыл алынып, 4 учуру боюнча жеринен юридикалык кеңештер берилип чечилген. Кызматтын мындай формасы жарандар менен мамиле түзүүдө жана милициянын элге болгон ишенимин арттырууда оң таасирин тийгизүүдө»,- деп айтылат маалыматта.