Жалал-Абадда милиция кызматкерлери «Ыр кесе» өткөрүп, кезекти Талас ОИИБге берди

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата «Ыр кесе» өткөрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө ыр-бийлер аткарылып, ата-бабаларыбыздын келе жаткаткан салтты улап “Манас” айтуу, көркөм окуу менен коштолуп, ыр кесенин жүрүшүндө атайын боз үй тигилип, тогуз коргоол, топ-таш жана башка улуттук оюндар тартууланды.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн “Ыр кесе” Талас облустук ички иштер башкармалыгына атайын «Ыр кесе сизге сунулду» аттуу ыр менен коштолуп өткөрүлүп берилди.