Жалал-Абадда милиция кызматкерлеринин балдары үчүн бала бакча ачылды

Бүгүн, 21-октябрь күнү Жалал-Абад облусундагы укук коргоо органдары үчүн жаңы курулган имараттардын ачылуу аземи болуп өттү. Анда Ички иштер министри Улан Ниязбеков, анын орун басары Октябрь Урмамбетов, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Марлис Асанов, Жалал-Абад шаарынын жергиликтуүү бийлик өкүлдөрү жана өздүк курам катышышты.

Жалал-Абад шаарындагы Кашкина көчөсүндө жайгашкан мурдагы Жалал-Абад ШИИБдин эски имараты капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп, Жалал-Абад облусундагы милиция кызматкерлеринин балдары үчүн алгачкы 120 орундуу №30 «Жеткинчек» балдар бакчасынын ачылуу аземи болуп, кызыл тасмасы кесилди.