Жалал-Абадда милицияга тургундар 15 курал тапшырышты (сүрөт)

Жалал-Абад облусундагы рейд учурунда 15 ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Жалал-Абад облусунун аймагында парламенттик шайлоо күнү коомдук коопсуздукту камсыздоо жана курал колдонуу менен жасалган кылмыштардын алдын алуу максатында милиция тарабынан “Арсенал” ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлгөн. Рейддин алкагында курал-жарак сактоочу 50 объект текшерилген. 2200дөн ашуун мергенчиликти сүйүүчүлөрдүн курал сактоо эрежелери текшерүүдөн өтүп, тиешелүү эрежелерди бузган 52 жаран аныкталган. Алардын ичнен 12 жаранга айып пул салынып, 40 жаранга эскертүү берилген. “Арсенал” операциясынын алкагында облус аймагындагы мергенчилерден жана карамагында ок атуучу куралдары бар мекемелерден жалпы 267 ок атуучу курал жарактуулугу боюнча текшерүүдөн өткөрүлдү. Милиция тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 15 ок атуучу куралдар жарандар тарабынан өз ыктыяры менен тапшырылды.