Жалал-Абадда миңден ашуун киши ишембиликке чыкты

Жалал-Абадда миңден ашуун адам катышкан массалык ишембилик өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
Бүгүн, 17-апрелде дубан башчысы Абсаттар Сыргабаев баштаган 1000ден ашуун адам массалык ишембиликке чыкты. Ага шаарда жайгашкан облустук мекеме-ишканалардын жамааттары активдүү катышып, курорт жолун жана мисте токоюн тазалап, таштандылардан арылтышты.
Облус башчысы айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, абаттоо иштерин колго алууну күчөтүү керектигин белгиледи. Курорт аймагына сырттан келген туристтер да басымдуулугун айтып, анын тазалыгына өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Өкүл жергиликтүү бийликке курорт жолуна таштанды урналарын, коопсуздукту сактоо максатында видео камераларды орнотуу тапшырмаларын берди. Мекеме жамааттары мындан ары бул коомдук иштерди жума сайын уюшкандыкта колго алып, бөлүнгөн жайларынын тазалыгына жооптуу болоорун кошумчалады.