Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облустук көркөм сүрөт жатак-мектебин ачты.
Мурдагы имарат 1906-жылы курулган жана пайдаланууга жараксыз, авариялык абалда болуп калган эле. Жаңы көркөм сүрөт мектебинин курулушу 2024-жылдын аягында президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлү астында курулуп башталып, бүткөрүлдү. Жаңы мектеп-интернаты 100 окуучуга ылайыкталган.