Жалал-Абадда облустук ооруканада орун калбай калды

Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө керебеттер ооругандарга толду. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда облустук штабдын жыйынында өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлүнүн биринчи орун басары Ырысбек Ызабеков билдирди.

Маалымат боюнча, Жалал-Абаддагы ооруканадагы жугуштуу оорулар бөлүмүндө 65 бейтапка ылайыкташкан. Учурда алардын баары толук. Коронавирус менен ооругандардын саны акырындык менен көбөйүп бара жаткандыктан, кошумча орундуктарды ачуу зарылчылыгы жаралууда.

“Жалал-Абад облустук ооруканасындагы керебеттер толуп калгандыктан, Аксы жана Ноокен райондук ооруканалары коронавируска чалдыккандарды кабыл ала баштады. Акыркы учурда эң көп коронавирус менен кайрылгандар Ноокен районунун тургундары болууда. Ошондуктан облустагы кырдаалды эске алып, аймактардагы тийиштүү адистерден 1-июлга чейин ооруну алдын алуу үчүн сунуштарды карап чыгабыз. Бул үчүн чектөөлөр каралат. Алар коомдук жайлар, каттамдар, той-аштарды кыскартуу”, — дейт Ырысбек Ызакбаев.