Жалал-Абадда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 26-июнда саат 09:08де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Сузак районунун Таралча, Канжыга айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.