Жалал-Абадда психиатриялык оорукананын жетекчиси кызматтан алынды

Башкы прокуратура тарабынан Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар шаарчасындагы Республикалык психиатриялык ооруканасынын жетекчилигинин ишмердүүлүгү текшерүүгө алынды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган оорукананын жетекчиси психикалык жактан жабыркабаган, адам өлтүрүүдө айыпталган айыпкерге карата соттук-психиатриялык экспертизаларды өткөрүү менен сот органдарына мыйзамсыз сунушту берген факты аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Башкы прокуратура тарабынан Саламаттыкты сактоо министрине аталган оорукананын башкы дарыгерине карата катуу тартиптик чара көрүү жөнүндө сунуш келтирилип, башкы дарыгер кызмат ордунан бошотулду.