Жалал-Абадда санитардык норманы сактабаган 50дөн ашык тамактануучу жай жабылды

Жалал-Абад шаарында, шаарга жакын аймактарда тамактануучу жайлар текшерүүгө алынып, 50дөн ашыгы жабылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан кабарлашты.

Жалал-Абад шаарында, шаарга жакын аймактарда тамактануучу жайлардын санитардык абалына текшерүү жүргүзүлдү. Анда шаар аймагындагы дээрлик бардык тез татымдарда тамак-ашты сактоо абалы санитардык талаптарга жооп бербегендиги жана эмгектенген кызматкерлердин медициналык текшерүүдөн өткөндүгү жөнүндө эч бир тийиштүү иш кагаздары жок экендиги аныкталды. Мындан улам кемчиликтер жоюлуп, Жалал-Абад райондор аралык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык борбору тарабынан уруксат берилгенге чейин менчигинин түрүнө карабай 50дөн ашык тамактануучу жай жабылды. Санитардык норманы сактабаган 10 тез татым жайына 48 миң сом айып пул салынды.