Жалал-Абадда борбордук базарды жылдырууга каршы болгон соодагерлер нааразычылык акциясына чыгышты

Жалал-Абадда борбордук базарды жылдырууга каршы акциясы өтүп жатат. Бул тууралуу аталган аймактын тургундары “СЕРЕП МЕДИА” маалымат агенттигине билдиришти.

Маалыматка ылайык, тынчтык митинги Жалал-Абад мэриясынын алдында өтүп жатат. Андагы акцияга чыккан соодаргерлер шаардык башкармалыктын борбордогу базарды ордунан жылдырып, башка жерге көчүрүү чечимин колдобоорун айтышып, өз талаптарын коюшууда. Алардын айтымында, базардын 80 пайызы жеке менчикке таандык. «Муниципалдык кылып, жерин которууда ишкерлер эле жабыр тартат» деп билдиришти алар.

Ал эми Жалал-Абад мэриясынын өкүлүнүн айтымында, борбордук базар шаардын чок ортосунда жайгашкандыктан көп көйгөйлөрдү жаратып келет. Базар талаптарына да жооп бербейт.

«Базар 2 жолу күйдү. Үчүнчү жолкусун көтөрө албайт. Көп ишкерлер жабыр тартат. Бул жерде өрт коопсуздугу сакталбайт. Тийиштүү тараптардан «Борбордук базар базардын аймагына жооп бербейт» деп эскертишкен. Электр мамычалары да талаптагыдай эмес. Биз базардагы түрдүү кырсыктарды алдын алалы деп жатабыз. Эгер аталган базар ордун которуп, жаңы базар ишке берилсе маршруттук линиялар да өзгөрөт. Муниципалдык базарга өткөн соодагерлерге эл үйрөнүп, иш жакшы жүргөнгө чейин 3 айлык ижара акысынан бошотуу пландары да бар. Шаар бийлиги борбордук базардын орду заманбап объектилерге айланышы керек деп эсептейт», — деп билдиришти мекемеден.

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базар көчүрүлөт деп, калаанын мэри Эрнис Ормоков жыл жыйынтыгын чыгарган коллегияда билдирген болчу.