Аксыда спирт ичимдигине ууланып каза болгондордун аты-жөнү такталды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда спирт ичимдигине ууланып каза болгон 6 адамдын аты-жөнүн Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен такташты.

Маалыматка ылайык, каза болгондордун баары Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айыл аймагынын тургундары болгон.
Алар:

Ал эми Санэпидкөзөмөл борборунун маалыматына ылайык, каза болгон жарандар суу кошулган спирт ичишкен.

Кечээ, 3-мартта Кара-Суу айылынын 7 тургуну аймактык ооруканага алып келинген. Алардын үчөө ооруканага жетпей каза болсо, калган үчөө оор абалда ооруканага келгенден кийин көз жумган.