Жалал-Абадда «Таж-Махал», «Ага-Ини» кафесинен уулангандардын саны 88ге жетти

4-июлга карата Жалал-Абаддагы «Таж-Махал», «Ага-ини» тез татым даярдалуучу жайдан уулангандардын саны 88ге жетти. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан кабарлашты.

«Бүгүнкү күндө «Таж-Махал», «Ага-ини» тамактануучу жайынан уулангандар жалпы 88 адам болду. Алардын34ү ооруканада дарыланууда. Абалы туруктуу», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.