Жалал-Абадда төрөлгөн үч эмдин энесине батир берилиши мүмкүн

Жалал-Абадда төрөлгөн үч эм төрөтканадан чыгарылды. 3 эмдин энесинин абалынан Жалал-Абад шаарынын мэри кабар алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Жалал-Абад шаарында төрөлгөн үч эм бүгүн төрөтканадан чыгарылды. Шаар мэри Эрнисбек Ормоков барып, наристелердин абалынан кабар алды. Калаа башчы үч эмдин жакындары менен жолугуп, энеси Гүлнара Бүркүтовага резервдик фонддон 15 миң сом акча каражатын тапшырды»,- деп айтылат маалыматта.

Аны менен катар үч эмге үй берүү маселеси да көтөрүлдү. Эрнисбек Ормоков жалгыз бой эненин жаңы төрөлгөн наристелерине батир берүүнү шаардык кеңештин депутаттарына сунуштай турганын билдирди. Эл өкүлдөрү сунушту колдоп берсе бөбөктөргө үй берилет.

Эскерте кетсек, 31-март күнү облустук төрөт үйүндө үч эм жарыкка келген. Аларга Аделина, Адилет, Аделя деген ысым ыйгарышкан.