Жалал-Абадда УКМКнын ооруканасы ачылды

Бүгүн, 5-июлда Жалал-Абад шаарында УКМКнын аскердик-медициналык кызматынын региондор аралык аскердик-медициналык башкармалыгынын имараты ачылды. Иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын кызматкерлери жана ардегерлери катышты.

Оорукана УКМК жана чек ара кызматкерлери, УКМКнын ардегерлери жана үй-бүлөлөрү үчүн курулган. Мында жалпы 30 орун болуп, толугу менен заманбап шарттар түзүлгөн. Жалал-Абад шаарында жайгашкан региондор аралык аскердик-медициналык башкармалык Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарындагы атайын кызматтын кызматкерлери үчүн кызмат көрсөтөт. Имараттын курулушу 2022-жылы башталып, 2 жылга жетпеген убакыт ичинде бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.