Жалал-Абадда унаа жолго түшкөн кар көчкү тазаланып жатат

Жалал-Абадда унаа жолго түшкөн кар көчкү тазаланып жатат. Такталган маалыматка ылайык, кар көчкүдөн адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Кечээ, 3-январь күнү алдын ала маалымат боюнча саат 22:27 чамасында Ала-Бука — Жаңы- Базар — Кировка унаа жолунун 99-100-чакырымында 700 м3, 92-чакырымында 250м3 жана 91-92-чакырымында 500м3 кар көчкү түшүп, каттамды эки тараптуу жабылып калган. Кар көчкүнү тазалоо иш-чарасын жүргүзүү максатында жерине Чаткал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери жана №27 Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 3 грейдер, 1 манипулятор унаасы тартылып, саат 03:10до жол толук тазаланган. Ошондой эле жолдо калган 4 жеңил унаа чыгарылган. Маалыматка ылайык, жабыркагандар жок. ИИМдин кызматкерлери тарабынан Ала-Бука — Жаны-Базар — Кировка унаа жолунун 38 жана 103 чакырымдарында нөөмөт уюштурулган.

Ал эми Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунун 4-чакырымында түшкөн кар көчкүнү тазалоо иши бүгүн, 4-декабрда жүргүзүлөт. Жабыркагандар жок. Аталган унаа жолдор Чаткал районунун акиминин орун басарынын буйругунун негизинде убактылуу жабылган.