Мектептин шыбы ураган окуя. «Эти Бакыр Терек-Сай» компаниясы окуяга тиешеси жоктугун айтат

«Эти Бакыр Терек-Сай» алтын казып алуучу компаниянын, тагыраак айтканда, жардыруу иштеринин Чымканаев атындагы орто мектептин шыбынын урап калышына эч кандай тиешеси жок. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.

«Социалдык тармактарда, мессенжерлерде мектептин шыбынын урап калышына компаниянын тиешеси бар деген туура эмес маалыматтар тароодо. Бизде бардык коопсуздук эрежелер сакталып, жардыруу иштери мектептен алыс жакта жүргүзүлүүдө. 17-май күнү окуядан кийин, план боюнча саат 12:50дө жардыруу иштери жүргүзүлгөн. Мектептин шыбы урап калганы тууралуу маалымат келери менен жабыркагандарга амбулатордук жардам көрсөтүү үчүн медицина кызматкерлери жөнөтүлгөн. Жеринде компаниянын медициналык кызматкерлери окуучулар менен мугалимге медициналык жардам көрсөтүшкөн», — деп жазылат маалыматта.

Окуяга күбө болгон мектептин мугалими Айнура Ботобекова кырсык тууралуу «Мектеп өзү эски. Бирок ага кошумча болуп кен казып алуучу «Эти Бакыр» түрк фирмасы тынбай тоолорду жардырып турушат. Азыр мектеп эмес, өзүбүздүн үйлөр деле кулап, урайын деген акыбалда» деген болчу.