Аксыда дагы 10 адам ууланып ооруканага жаткырылды

Бүгүн, 4-мартта саат 18:00 чамасында Жалал-Абад облусундагы Аксы районунда ууланып дагы 10 адам  Аксы аймактык ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аймактык ооруканага тамак-ашка ууланып 5 эркек жана 5 аял жаткырылган.

“Жаткырылгандардын абалы орто оор, туруктуу бойдон калууда. Жабыркагандар тиешелүү медициналык жардам алышууда”, — деп билдиришти ооруканадан.

Ал эми Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин ыкчам маалыматына ылайык, 2-мартта саат 13:30дан 16:30 убакыт аралыгында уулангандар жана дагы 9 адам  Кара-Жыгач айыл аймагындагы кафеде түштөнүшкөн.

Жабыркагандардын айтымында, алар салат, бешбармак жеп, сууга аралаш спирт ичишкен.

Белгилей кетсек кечээ, 3-мартта дагы Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылынын 7 тургуну аймактык ооруканага алып келинген. Алардын үчөө ооруканага жетпей каза болсо, калган үчөө оор абалда ооруканага келгенден кийин көз жумган. Дагы бирөө оор абалда ооруканада жатат. Андагы маалыматтар боюнча алар спирт ичимдигине ууланып көз жумушкан.