Кечээ, 8-июнда ӨКМге Жалал-Абад шаарындагы Бирюзов көчөсүндөгү үйгө жылан кирип алгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жерине Жалал-Абад шаардык №58 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу тартылып, жыланды кармап, коопсуз аймакка алып чыгып, бошотуп жиберишкен.