Жалал-Абаддагы абакта бал өндүрүлүп, пескоблок чыгарылып жатат (сүрөт)

Жалал-Абад облусунун №52 жатак абагында бал өндүрүлүп, пескоблок чыгарып жатат. Бул тууралуу ЖАКтан билдиришти.

Маалыматка караганда, алар Токтогулдун балын чыгарууну өздөштүрүшкөн. Мекеменин балансында Толук айылында жайгашкан 50 бал челек бар. 2022-жылы бул таттуу азыктан 600 килограмм алуу пландалууда.
Мындан тышкары пескоблок чыгарууда да жолго коюлуп, ага беш соттолгон адам тартылып, эмгектенип жатат. Эсептөөлөр боюнча быйыл бул курулуш материалынан 40 миң даана чыгарылат.

Бардык иштер республикалык бюджеттен каржы коротулбастан, мекеменин атайын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүп жатат. Ошонун негизинде түшкөн таза пайда соттолгондордун шарттарын жакшыртууга жумшалат.