Жалал-Абаддагы милиция кызматкерлери балдар үчүн мамалакка айланды

Жалал-Абад шаарынын милициясы балдарга жаңы жылдык белек таратты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери мамалактын кийимдерин кийип, балдарга Жаңы жылдык белек таратышты. Алар милициянын көчмө кабылдама унаасында аз камсыз болгон жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдардан кабар алышып, Жалал-Абад ШИИБдин башчысы Мирлан Батыровдун куттуктоосун жеткиришти.
Балдардын бактылуу балалыгына бакыт каалап, аларга майрамдык маанай тартуулап, жетекчилик тарабынан даярдалган жаңы жылдык белектерди тартуулашты. Өз кезегинде балдардын ата-энелери Жалал-Абад шаарынын милициясына ыраазычылыктарын билдиришти.