Жалал-Абаддын тургундары Ала-Бука аймагында айрым жерлерге чек ара зымын тартууга каршы чыгышты

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда чек арага жакын жашаган тургундар айрым аймактарга чек ара сызыгынын өтүшүнө макул эмес. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык тургундар Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан Кош-Болот, Кара-Белес жана Көк-Серек аймактарына чек ара зымдарын тартууга каршы чыгышууда.

Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттигинин Чек ара кызматы бул жерлер 2017-жылдын 2-октябрында ратификацияланган №173 Мыйзамга ылайык аныкталганын билдирди.

«Аталган тилкелерде жагдай курчуп кетпеши үчүн Кыргызстандын Ала-Бука тилкеси боюнча чек ара өкүлү Өзбекстандын Пунган багыты боюнча чек ара өкүлү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын чек арага канатташ аймактын тургундары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн Өзбекстандын аймагында өзбек тарап жүргүзүп жаткан геологиялык чалгындоо иштери убактылуу токтотулган»,- деп айтылат маалыматта.

Учурда кыргыз-өзбек ммлекеттик чек ара тилкесинде абал туруктуу.