«Жалал-Абадга да барат». Акылбек Жапаров Ошто жүрөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жумушчу сапары менен барды.

Жумушчу программасынын алкагында ал бир катар өнөр жай ишканаларын кыдырып, социалдык объектилердин курулушу менен таанышат, ошондой эле облустун тургундары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Андан ары Министрлер кабинетинин төрагасы Жалал-Абад облусуна жумушчу сапары менен барып, ал жерде да бир катар жолугушууларды өткөрүп, айрым социалдык жана өнөр жай ишканаларынын иши менен таанышмакчы.