Бул жолку каарманыбыз 30 жаштагы Камбар Шайымкул уулу. Ал майыптыгы бар кызын жалгыз багат. Жалгыз бой ата “жубайым кызым экөөбүздү таштап кеткен. Жалгыз калганымда ымыркайды багууда кыйналдым. Кызым көп нерсени түшүнө баштады. Мени жанынан чыгарбайт. Көчөдөн бейтааныш аялдардын арасынан апасын издей берет. Апасынын башка турмушу бар” дейт. Толугу менен видеодо.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: Мбанк: 0500 40 22 88.
«Биз жашап жаткан таежемдин үйү. Өзүлөрү мигрант. «Үй сатылып кеткенче жашап тур» деп беришкен. Качан сатылат, билбейм.
Кызымдын майыптыгы бар. Кыска сөздөрдү айтат. Апасы экөөбүз жакшы эле жашап жатканбыз. Дос балдар аркылуу таанышып калганбыз. Анын майыптыгы жок болчу. Үйлөнгөндөн кийин кош бойлуу болду. 8 айында кесарево жолу менен төрөлдү. 2 жолу боюнан түшпөсүн деп укол сайылган. Ошол дарынын да таасири тийди окшойт. «Сактап калыңыздар» дедим. 2 айга чейин баары жакшы болчу. 6 айдан кийин билинди. «Майыптыгы бар адамга турмушка чыгып, майып төрөдүң» деп сөз уккан окшойт. Кызым 1 жашта болчу. Экөөбүз эки жолго түштүк. «Кызымды ташта, мен бербейм» дедим»,- деди ал.