Жалпы финансылык бузуулар 1,5 миллиард сом… Эсептөө палатасы Курулуш министрлигинде аудит жүргүздү

Эсептөө палатасы тарабынан Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинде, ошондой эле анын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүндө 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында бюджеттин аткарылышына жана ишине шайкештик аудити жүргүзүлдү. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан маалымдашты.

Аудиттин жыйынтыгында финансылык эсепке алууда, бюджеттик мыйзамдардын талаптарын сактоодо жана курулуш иштерин жүзөгө ашырууда бир катар олуттуу шайкеш келбестиктерге жол берилгендиги  аныкталды.

Тактап айтканда, дебитордук карыздарды эсепке алуудагы бузуулар, курулуш-куроо иштеринин наркын жана көлөмүн негизсиз жогорулатуу, бюджетке каражаттарды чегерүү тартибин сактабагандыгы, башка булактардын каражаттарынын эсебинен каржыланууга тийиш болгон чыгымдарды бюджеттик каражаттардын эсебинен төлөө фактылары.. Ошондой эле каражаттарды бирдиктүү казыналык эсептен тышкары пайдалануу, белгиленген тартипте эсепке алынбаган мүлктүн болушу, капиталдык салымдарды пайдаланууда жана курулуш иштерин аткарууда бузуулар, кызматкерлердин эмгек акысы жана башка төлөмдөр боюнча ашыкча чыгымдар орун алган.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында жалпы финансылык бузуулардын суммасы 1 585 293,5 миң сомду түздү. Анын ичинде  мажбурлап өндүрүү суммаларын бюджетке өз убагында жана толук эмес чегерүү – 15 955,5 миң сом, бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн толук эмес жана кечиктирилип чегерилиши – 4 467,3 миң сом, башка булактардан каржыланууга тийиш болгон чыгымдарды бюджеттик каражаттардын эсебинен төлөө – 85 000,0 миң сом.

Мындан тышкары, каражаттарды бирдиктүү казыналык эсептен тышкары пайдалануу – 40 182,3 миң сомду, капиталдык салымдар формасындагы бюджеттик инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тартибин сактабагандык – 7 065,2 миң сомду, курулуш-куроо иштеринин наркын жана/же көлөмүн жогорулатуу – 166 087,5 миң сомду, капиталдык салымдарды пайдаланууда жана курулуш иштерин аткарууда башка бузуулар – 23 459,2 миң сомду түзгөн.

Ошондой эле кызматкерлердин эмгек акысы жана башка акчалай төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 24 035,2 миң сомду, эсепке алынбаган мүлктүн болушу 26 637,3 миң сомду, белгиленген өлчөмдөн ашык аванстык төлөмдөрдү негизсиз которуу 7 791,7 миң сомду түзгөн. Эң ири көлөмдөгү бузуулар дебитордук карыздарды эсепке алуу боюнча катталып, анын суммасы 1 169 294,1 миң сомду түзгөн.

Жалпы аныкталган 1 585 293,5 миң сом финансылык бузуулардын ичинен 349 414,9 миң сом калыбына келтирүүгө тийиш болсо, аудиттин жүрүшүндө 122 191,3 миң сом же 35,0 пайызы калыбына келтирилди.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча тиешелүү сунуштар жана тапшырмалар берилип, аныкталган бузууларды жоюу, финансылык тартипти чыңдоо жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү милдеттендирилди.