«Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү

Президент Садыр Жапаровдун кол койгон тескемесине ылайык, «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү.

Жумушчу топтун курамына мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгууга кызыкдар болгон ЖМКнын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү кирген. Топ 2023-жылдын 1-мартына чейин мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгып, иштелип чыккан мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарышы керек.

Жумушчу топтун курамындагылар:

Мурат Укушов — президенттин администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги, жумушчу топтун жетекчиси;

Алмаз Айылчиев — президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы — президенттин администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальнигинин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;

Туратбек уулу Акылбек — президенттин администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти;

Сыягүл Караман — президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын эксперти;

Салкын Сарногоева — Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматтык саясат башкармалыгынын начальниги;

Шеримкул Мамытканов Замирбекович — Юстиция министрлигинин социалдык маселелер, мамлекеттик башкаруу, укук коргоо жана сот системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдарды башкаруунун административдик-мамлекеттик жана соттук-укук коргоо системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдар бөлүмүнүн башкы адиси;

Семетей Карыпкулов — «Bulak.kg» маалымат агенттигинин өкүлү;

Нурдин Дуйшенбеков — «Журналисттер» коомдук уюмунун өкүлү;

Махинур Ниязова — «24.kg» маалымат агенттигинин өкүлү;

Ахмат Алагушев — «Медиа полиси институту» коомдук фондунун өкүлү;

Жылдыз Азыкова — «Адилет» укуктук клиникасы» коомдук фондунун өкүлү;

Эдиль Жаныбеков — «Адилет» укуктук клиникасы» коомдук фондунун өкүлү;

Дина Маслова — «Кактус медиа» маалымат агенттигинин өкүлү;

Орозбай кызы Кайыргүл —  «Govori.tv» маалымат агенттигинин өкүлү;

Дилбархан Алимова — «ПолитКлиника» медиасынын өкүлү;

Гладис Темирчиева —  «Vesti.kg» маалымат агенттигинин өкүлү;

Кубат Оторбаев —  «Азаттык» маалымат агенттигинин өкүлү;

Нуржан Мусаева — «Медиа өнүктүрүү борбору» коомдук фондунун өкүлү;

Дмитрий Ложников — «Редакция Апрель» онлайн медиасынын өкүлү;

Нурбек Сыдыков — «Медиа полиси институту» коомдук фондунун өкүлү;

Толобубу Валиева — «Кыргызстандын медиа аракеттер платформасы» медиасынын өкүлү.