Жамалбек Ырсалиев Бишкек мэринин орун басары болуп дайындалды

Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.
Ырсалиев Жамалбек Самарбекович 13-майдан тартып Бишкек шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды. Буга чейин ал «Бишкек жылуулук энерго» коммуналдык ишканасынын директору болуп иштеген. Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.