Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жамалбек Ырсалиевди вице-мэр кызматынан бошотту.
Мэриянын басма сөз кызматы анын кызмат орду толугу менен жоюлганын, функциясы Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктура департаментинин башчысына берилгенин кабарлады.
Буга чейин УКМК Ырсалиевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен иш козголгонун, атайын кызматтын тергөө абагына камалганын билдирген.