«Жаман адамдар көп да» деген Даун синдрому бар Изат сабалган күндөрүн айтып берди

Изат Сатыбеков 34 жашта. Анын Даун синдрому бар. Изат эже-жездеси жана алардын балдары менен жашайт. Каарманыбыз кайыр сурап, эжесине жардам берет. Анын эжеси “Инимди дарыгерге алып барсам, “бул дагы деле өлө элекпи” деп жүрөктү оорутушат”дейт.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0500 36 68 32 (Тажыбүбү).

«Мечитке бардым. Менден бирөө акча сурады. Акча бербейм десем колумдан тартты, мен жерге куладым. Башымдан кан кетип жатты. Эжем келди да «эмне чаптың» деп кыйкырып, кууду. Анан бир аял сабады, мени тепти дагы акчаны алып, качып кетти. Жаман адамдар көп да. Арак ичкендер мечиттин жанында темир менен чабышып, башым канады. Милиция алып кеткенде «уух» дедим», — дейт ал.