Ысык-Көлдө үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
17-декабрда Ысык-Көл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Чолпон-Ата шаарынын 1951-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Арызда ал ошол эле күнү болжол менен саат 14:30 чамасында 1978-жылы туулган уулу үйүнө мас абалында келип, үй-бүлө мүчөлөрүн коркутуп, сөгүп, аны урганын билдирген.
Аталган факты Ысык-Көл РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Ошол эле күнү арыз ээси Ысык-Көл райондук жалпы дарыгердик практика борборуна кайрылган. Дарыгерлердин маалыматына ылайык, 1951-жылы туулган жаранга «сол жамбаш сөөгүнүн жабык сынышы” деген алдын ала диагноз коюлган.
Териштирүүнүн жүрүшүндө Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1978-жылы туулган жаран буга чейин үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча 2022-жылы эки жолу жоопкерчиликке тартылгандыгы аныкталган. Ага карата Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык тиешелүү чаралар көрүлгөнү белгилүү болгон.
Ошол эле күнү Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренесинин (үй-бүлөлүк зомбулук ) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалган. Тергөө уланууда.