Жамгыр жаады дегиче, суусуз калган Ош… Дагы 4 суу кампа курулуп жатат

Кечээ, 3-ноябрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов көчмө техникалык кеңешме өткөрүп, жалпы көлөмү 24 000 куб метрди түзгөн 4 таза суу кампасын курулушунун жаңы долбоорун талкуулады. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан маалымдашты.

Көчмө жыйынга тиешелүү кызматтардын, бөлүмдөрдүн жетекчилери жана өкүлдөрү катышып, сунуш-пикирлерлерин айтышты. Ошондой эле жеринде тиешелүү кызматтарга тийиштүү тапшырмалар берилди.

31-августта Ош шаарында жалпы көлөмү 24 000 куб метр болгон 4 суу кампадан турган комплекс курулуп, пайдаланууга берилген. Аталган иш-аракеттер Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун иш-мерчеминин алкагында, нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкындаган мезгилдерде Ош шаарынын тургундарын үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө. Долбоор 2024-жылдын иш-мерчемине киргизилет. Долбоор ишке ашырылса, шаардын жашоочулары нөшөрлөгөн жаан-чачын маалында үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз болушат.