Жанар Акаев: «Корул айыл өкмөтүндө сел жүрдү. Жарык жок, китепканадагы 6 миңден ашуун китеп сууга агып кеткен»

«Катуу жаандан Алай районунун Корул айыл өкмөтүндө сел жүрдү. Бүгүн сел алган айылдарды жеринен көрүп келдим. Кудайга шүгүр, кишилей чыгым жок, эл аман. Бирок негизги көпүрөлөрдү суу алып кеткен. ӨКМ калыбына келтирүү аракетин ыкчам көрүп жатат». Бул тууралуу депутат Жанар Акаев соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Жарык жок, «Ош электр» электр мамычаларын даярдап, жеринде иштеп жатышат. Жабыркаган үйлөрдүн саны такталууда. Аларга кандай көмөк болот, ссуда же жеңилдетилген кредитпи, Министрлер кабинети менен талкуулайбыз. Китепкана таптакыр жарактан чыгыптыр, 6 миңден ашуун китеп сууга агып кеткен. Корул ансыз да шарты катаал айыл өкмөт, апааттын кесепеттери жоюлуп, калыбына келтирүү, ага каражат бөлдүрүүнү колго алабыз. Жараткан жерибизди, элибизди кырсыктан сактасын!» — деп жазды ал.