Жанар Акаев: «Лейлекке барчу жол ачык. Гуманитардык жардам өтүп жатат»

«Төрт көчө ачык. Гуманитардык жардамдар өтүп жатат». Мындай билдирүүнү депутат Жанар Акаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Депутат видео менен бөлүшкөн жана анда Лейлекке барчу жол ачык экендигин көрүүгө болот. Видеодон «Бая тосулуп турган жол — мына ачык» деген сөздү угууга болот.

«Түндөн элибиз эсен чыксын! Бишкекте азыр тополоңдун кереги жок туугандар, ушул сааттарда кандай болгон күндө да борбордо туруп тытышпай туралы! Эсептешчү учур бүгүн эмес» деген пикирин кошкон.