Жанар Акаев: «Менин шаарда болбогонума байланыштуу сурак жылдырылды»

«Мен учурда шаарда болбогонума байланыштуу суракты 7-июлга жылдырышты. Азырынча кайсы иш боюнча чакырылып жатканымды ачык айтышкан жок. Кумтөр иши боюнча окшойт деп божомолдоп турам». Бул тууралуу депутат Жанар Акаев журналисттерге суракка чакыртылганы боюнча өз пикирин айтып жатып билдирди.

Бүгүн, 2-июлда эл өкүлүнүн Аскер прокуратурасына чакыртылганы маалым болгон. Ал эми 14-апрелде депутат УКМКга Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы, президенттикке талапкер болгон Абдил Сегизбаевге карата козголгон кылмыш ишине байланыштуу сурак берип чыккан.