Жанар Акаев Садыр Жапаров менен кеңири пикир алышып чыкканын айтты

Президент Садыр Жапаров менен жолугушуп, азыркы абал, шайлоо мыйзамдары тууралуу кеңири пикир алыштым. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев Инстаграмдагы баракчасына жазып чыкты.

«Алдыда өтчү Жогорку Кеңештин шайлоосунда жалаң акчага таянган, добуштарды дүңүнөн сатып алам деген партияларды, талапкерлерди эч кандай аямай жок деди. Акча менен кармалган партиябы, жеке талапкерби шайлоодон токтоосуз четтетилет. Добуш сатып алууну ашкерелеген жарандарга сый-акы бериле тургандай механизм киргизилет экен. Жакынкы айларда элге ушул тууралуу атайын кайрылуу жасайм деди. Добуш сатып алуу ыкмасы жоюлса, чын эле парламент, жергиликтүү кеңештердин сапаты өзгөрөт эле. Өздүк партиям болбойт, баарына шарт бирдей болот деди. Добуш сатып алуу токтосо, билимдүү жаштарга жол ачылат эле. Президент эгер техникалык жактан даяр болсок, 54 депутат преференциалдуу шайлоо системасы менен шайланып келүүсүн колдоду»,- деди ал.