Жанар Акаев: «Улан Эгизбаев көр сатуу боюнча көтөрүп чыккандан кийин 3 кылмыш иши козголгон. Алар эмне болду?»

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев көр сатуу боюнча маселе көтөрдү.

«Улан Эгизбаевге арызданган Максат Баялиев деген жигиттин өзүнө иш козгоп, 20 миң сом айып салып койгон. Ал «көр сатылып жатат, тирүүлөр алып, ээлеп коюшууда» деп айткан. Маселени айтып жаткан адамды кайра айыпка жыккан. Мына адилетсиздик. Улан Эгизбаев көтөрүп чыккан маселеден кийин 3 кылмыш иши козголгон. Көр сатуу схемасына катышы бар деген канча киши кылмыш жоопкерчилигине тартылды?» — деп депутат суроо салды.

Аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин директору Төрөхан Жунусбеков суроого жооп берди. «Сиз айткан маселени угуп-көрүп жүргөнбүз. Былтыр ушул жумушка келгенде эле чоң көйгөй бар экенин билгенбиз жана бул башаламандыкты токтотуу үчүн бир гана мыйзам керек экенин түшүнгөнбүз. Ошондуктан бул мыйзамды айтып жүргөнбүз. Өкмөткө барып токтоп калды. Депутат Маматалиев алып чыгууда. Бул мыйзам менен көп көйгөйлөр чечилет. Көр саткандар боюнча былтыр бир тобун жумуштан кетирип, милицияга 3-4 жолу кармап бергенбиз, бирок коё бергенинен алардын үстүнөн прокуратурага кайрылдык», — деди ал.