Жанар Акаев: «Лейлекте үйлөрдүн пайдубалы эле турат, өкмөттөн акча жок дейт. Кайда акчалар?»

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Баткен облусунун Лейлек районуна барып келгенин айтты.

«Чын эле көпчүлүк үйлөрдүн пайдубалы курулган бойдон токтоп турат. Өзүлөрү чатырда же боз үйдө жашап жатышат. Эң көп үй талкаланган Арка айылында болгону 3 контейнер барыптыр. Үйлөрдү куруп жатат, бирок пайдубалы эле. Өкмөттөн акча жок дейт. Кана биз бөлүп берип жаткан акчалар? Кыш, суук. Бир тыйын акча ала электер бар экен. Өкмөт ошону карашы керек да. Баткендеги окуяда эл акча чогултуп, 320 миллион сом акча чогулган. Жок дегенде ошону бөлүп берип турбайсыңарбы? КТРден көрсөтүп, көп акча түшүп жатат деген жашоо жок экен. Кана акчалар? Эл чогулткан акча кайда?», — деди Акаев.