«Жаназага келген адамга кол салуу жигиттикке жатпайт!». Орозайым Нарматованын кармалышы боюнча соцтармак колдонуучуларынын реакциясы

Бүгүн, 10-сентябрда Оштогу аэропортто «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматованын кармалганы айтылды. Бирок маалымат боюнча бир нече саат бою укук коргоо органдары үн каткан жок. Кийинчерээк ИИМ маалымат таратып, анын «расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси боюнча шектелип жатканын билдирди.

Коомчулукта жаш саясатчынын кармалышы талкуу жаратты. Саясатчылар да, журналисттер да, жарандык активисттер да соцтармактагы баракчаларына Нарматованын кармалышы боюнча өз ойлорун жазышууда. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги соцтармактардагы ой-пикирлерди чогултту.

Өзүнүн иликтөөлөрү менен элге таанылган журналист Али Токтакунов чыканактай кызды кармоо менен бийлик коркоктугун көрсөттү деп эсептейт.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жалгыз агасын жоготуп, кан жутуп, мекенине келген кызды аэропорттон кармап, күч менен алып кетишкени эч бир салтка, адамгерчиликке жатпай турган көрүнүш экенин баса белгиледи.

Өз оюн айткандардын катарында журналист Тынчтык Алтымышев да бар.

Ушундай эле маңыздагы билдирүүнү Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов бөлүштү.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 28-ноябрга чейин дагы кармоолор болот деген божомолун билдирди.

Журналист Азамат Абсаттаров Орозайым Нарматованын бошотулушун талап кылып, анын Атамбаевдин убагында Садыр Жапаровду бошотуусун талап кылып жүргөн мезгилди эске салды.

Жарандык активист Адил Турдукулов бул кармоону саясий куугунтук деп баалады.

Адвокат Замир Жоошев да Нарматованын камалышы боюнча өз оюн билдирип, бир кыздан эмес, бир кыз айткан чындыктан коркушарын жазды.

Акын Мирлан Самыйкожо бул боюнча өз оюн төрт сап ыр менен жеткирүүгө аракет кылды.

Журналист Медер Шерметалиев бул иштин артында президент эмес, анын кошоматчылары турат деген пикирде.

Журналист Канат Каниметов кармоо боюнча ИИМдин тараткан маалыматы тарыхка кирет дейт.