Жаңжал чыккан аймактан көчүрүлгөн 3 келин көз жарды

Чек ара жаңжалы чыккан Баткен районунан Кадамжайга эвакуация болгон 3 келин  көз жарды. Анын ичинен бири эгиз төрөдү. Тагыраагы Кызыл-Жол айылынын 32 жаштагы тургуну Айчүрөк Жолдошева эгиз көз жарса, 28 жаштагы Дилфузахон Таштемирова менен Кара-Бак айылынын тургуну Кайрынса Ганыбек кызы кыздуу болушту.

Чек арадагы жаңжалдан улам 33 миң 338 адам көчүрүлгөнүн саламаттыкты сактоо министрининин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова маалымат жыйында билдирген эле.