«Жансыз денени союп, изилдөө бүткөн соң бардык органдар кайра салынат» дейт соттук-медициналык эксперт

Кылмыш-кырсыктан улам, түрдүү жагдайда каза болгон жансыз денелер менен иштөө – бул жолку каарманыбыздын күнүмдүк иши. “Тузу оор кесиптер” долбоорунун алкагында бул ирет соттук-медициналык экспертиза борборунун жетекчиси Сүйүн Касымовдун кесиби менен тааныштык. 25 жылдан бери ушул кесипти аркалап келе жаткан ал практикасындагы аянычтуу, жүрөк үшүн алган окуяларды эстеп айтып берди.

«Изилдөө бүткөндөн кийин жансыз дененин ичинен чыккан органдар кайра ичине салынат. Кээ бирлер ойлошот, жансыз денеси сойгондон кийин органдардын баарын алып коюшат деп. Изилдөө учурунда керектүү гана объектилер органдардан алынат. Мисалы, жүрөгүндө оору болгон болсо, жүрөктөн 2-3 кесим, боордон, бөйрөктөн алышат. Кайра ичине салып, тигип, жууп, туугандарына беришет. Өлүктөрдүн органдарын алып калат деген жок. Мээсин да кайра салабыз»,- деди ал.