Буга чейин СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Октябрь РИИБге шилтеме берүү менен Бишкектеги салынып бүтө элек көп кабаттуу үйдө жаш кыздын жансыз денеси табылганын билдирген.
«8-майда саат 09:00 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Токомбаев көчөсүндөгү курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде кыздын жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Октябрь РИИБдин кызматкерлери барышып, фактыны тастыкташкан. Айтылган жерде 2008-жылы туулган кыздын жансыз денеси табылган. Денени кароо учурунда зомбулуктун белгилери байкалган эмес. Аталган факты каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тергөө жүрүп жатат», — дешкен Октябрь РИИБден.
Редакцияга окуя боюнча Чүй ОИИБден маалымат беришип, 8-майда Чүй ОИИБге Чүй районунун жетим жана ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган жатак мектебинин педагогу кайрылганын билдиришти. Арызда 2008-жылы туулган кыздын 6-майда кечке маал чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканы айтылган. Бул факты катталып, текшерүү башталган. Жансыз денеси Бишкектеги Токомбаев көчөсүндөгү курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде табылган.