«Жансыз денесин атасы тапты». Тажикстандын кол салуусунан 19 жаштагы Таалайбек уулу Данил каза болгон

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы Тажикстандын кол салуусунан, тактап айтканда 16-сентябрда 19 жаштагы Таалайбек уулу Данил каза болгон. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине бүгүн, 11-ноябрда маркумдун апасы тастыктады.

Маалыматка караганда, уулу 26-сентябрда 20 жашка толмок. «Уулум 20 жашка чыкпай калды. 2002-жылы 26-сентябрда Ак-Сайда төрөлгөн. «Капчыгай» тозотунда кызмат өтөп келген. Чатак башталганда 6 жигитти Кожогар деген тозотко алып кетишкен экен. 6 жигит тең ошол жакта каза болду. Бизге 16-сентябрь күнү байланышка чыккан. «Ата, мен жакшымын» деди. Анан улам чалып турдук албайт. Башка жанындагыларга чалдым, аларга 12 саат жардамга эч ким барбаптыр да. Ошол менен байланышка чыкпай калды. 3 күн дегенде атасы «өзүмө өзүм жооп берем, улумду табам» деп кеткен. Жансыз денесин өзү таап келди», — деди ыйлаган эне.

Уулунан ажыраган эне үйү да өрттөлгөнүн айтып, «бизде уулумдун байпагы да калган жок» дейт. «Үйүбүздү өрттөп кетишти. Уулумдун бир да кийими калган жок. Мен байланышка чыга албай жатканым, 1 ай караңгы бөлмөдө өзүмө келе албай жаттым. Уулумдун каза болгонуна 5 күндөн кийин 2 ай болот», — деди эне.